Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Токмок шаарында өрттөн эки наристе каза болду


Кыргызстанда өрттөнүп кеткен үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда өрттөнүп кеткен үйлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

22-августка караган түнү Чүй облусунун Токмок шаарында үй өрттөнүп, анын кесепетинен үч жана беш жаштагы эки наристе каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Ибраимов көчөсүндөгү өрт 21-августта түнкү саат 10:08де чыккан. ӨКМдин №21 аскерлештирилген өрт куткаруу бөлүгүнүн кызматкерлери аны 11:07де өчүрүп бүтүшкөн. Өрттөн жалпы аянты 95 чарчы метр эки бөлмө, үй тиричилик буюмдары да күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгышынын болжолдуу себеби катары балдардын от менен болгон шоктугу каралып жатат.

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында жалпысынан 8 өрт катталган. Анын төртөө Жалал-Абадда, үчөө Ошто, бирөө Чүйдө болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жети айда Кыргызстанда 2215 өрт катталып, андан 36 адам каза болду. Бул сан былтыркыга караганда 7,8 пайызга көп. (ErN)

XS
SM
MD
LG