Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Азиада-2018: Акжол чейрек финалга чыкты

Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалдык таймашынан кийин. Бишкек, 28-февраль, 2018-жыл.
Акжол Махмудов Азия чемпионатынын финалдык таймашынан кийин. Бишкек, 28-февраль, 2018-жыл.

Азия оюндарынын алкагында грек-рим күрөш боюнча бүгүнкү мелдештер башталды. 77 кг салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов 1/8 финалдык бөлүктө кореялык Ким Хён У менен күрөшүп, 7:3 эсебинде утуп алды. Бир нече убакыттан кийин Акжолдун чейрек финалдагы атаандашы аныкталат.

Алдыда кыргыз балбандары 87 кг салмакта Самат Шырдаков, 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков жана 130 кг салмакта Мурат Рамонов Кыргызстандын намысын коргошот. Азия оюндарынын үчүнчү күнүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан үч күмүш жана үч коло менен 18-орунда келе жатат.

18-августта башталган Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан жалпы жонунан 150 спортчу катышып жатат. XVIII Азия оюндарынын программасында спорттун 40 түрү бар. Кыргыз спортчулары спорттун 28 түрү боюнча күчтөрүн сынашат. (SDz\ErN)

​
XS
SM
MD
LG