Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:09

Иран жаңы аскердик учак жасаганын билдирди


Президент Хассан Роухани жаңы аскердик учакты көргөн учур. Тегеран, 21-август, 2018-жыл.
Президент Хассан Роухани жаңы аскердик учакты көргөн учур. Тегеран, 21-август, 2018-жыл.

Иран ок атуучу жаңы учак жасаганын жарыялап жатып, президент Хассан Роухани өз өлкөсүнүн аскердик кубатын мындан ары да чыңдоого убада берди.

- Душман Иранга кол салуу канчалык кымбатка турарын билиши керек. Эмне үчүн АКШ Иранга аскердик чабуул койбойт? Себеби ал биздин күчүбүздү, мунун кесепеттерин билет, - деди ал.

“Ирандын аскердик кубатынан улам АКШ Тегеран менен аскердик тирешүүгө барбайт” деген ойду өткөн аптада Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи да айткан.

Ал эми АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон "Reuters" агенттиги менен болгон маегинде Вашингтон Иран менен аскердик тирешүү эмес, экономикалык санкциялар аркылуу “максималдуу кысым көргөзөөрүн” айтты. Ал АКШ Тегеранды Сирия, Йемен жана Жакынкы Чыгыштын башка жерлериндеги чатактардан кетүүгө мажбурлоону көздөп жатканын белгиледи.

АКШ Ирандан өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден чыгып кеткенине байланыштуу анын Тегеранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычы быйыл 6-августтан тартып калыбына келди. Кийинки баскычы ноябрь айынан тартып күчкө кириши күтүлүүдө.

АКШнын президенти Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү 2015-жылкы келишимден чыкканын жарыялаган. Ал буга Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, Жакынкы Чыгыштагы, башка жерлердеги террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген. (UE)

XS
SM
MD
LG