Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

АКШ Германияга 95 жаштагы акыркы нацистти депортациялады


АКШ Германияга депортациялаган Яков Палийдин 1949-жылы америкалык визаны алганда тапшырган сүрөтү.
АКШ Германияга депортациялаган Яков Палийдин 1949-жылы америкалык визаны алганда тапшырган сүрөтү.

"Associated Press" агенттиги кабарлагандай, АКШ Германияга депортациялаган, 95 жаштагы Яков Палий Польшадагы Травники концлагеринде кароол катары кызмат өтөгөн. Ал концлагерде алты миңдей жөөттүн өмүрү кыйылган.

Палий Үчүнчү рейхтин АКШ аймагында жашаган, көзү тирүү кылмышкерлеринин акыркы белгилүүсү эле. Ал 1949-жылы Америкага алгач барганда өткөнүн жашырып, жалган маалымат берген. Сегиз жылдан кийин Яков Палий жарандык алып, АКШда өмүр бою иштеп, кийин пенсияга да чыккан. Бирок полиция анын ысымын нацисттик кылмышкерлердин реестринен 30 жыл мурда эле тапкан. Ал АКШда жашап жатканын концлагердин мурдагы кызматкерлеринин бири билдирген.

2003-жылга келип сот Палийди жөөттөргө каршы кылмышы үчүн айыптап, АКШ жарандыгынан ажыраткан. Бирок аны депортациялоо маселеси күн тартибине чыкканда бир да өлкө: Украина да, Польша да, Германия да кабыл албай койгон.

Быйыл март айынан кийинки кайра сүйлөшүүлөрдүн аркасында гана Яков Палийдин жарандыгы жоктугуна карабай аны Германия кабыл алууга макул болгон.

"Bild" гезитинин жазганына караганда, нацисттик лагердин мурдагы сакчысы Германияда карылар үйүнө жайгаштырылды. Буга чейин 2009-жылы Германия нацисттик лагердин АКШда жашырынып жүргөн дагы бир мурдагы кызматкери Иван Демьюнукту да кабыл алууга макул болгон.

2011-жылы ал 28 миң адамдын өлүмүнө катышы болгону үчүн күнөөлүү деп табылып, соттолгондон 10 айдан кийин 91 жаш курагында каза болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG