Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Венесуэлада жер титиреди


Борбор Каракаста жер силкинүүсүнөн кийин көчөгө чыккан тургундар. 21-август, 2018-жыл.
Борбор Каракаста жер силкинүүсүнөн кийин көчөгө чыккан тургундар. 21-август, 2018-жыл.

Түштүк Америкадагы бул өлкөнүн түндүгүндө күчү 7,3 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды. Бийлик шейшембиде Сукре штатынын аймагында болгон зилзалада каза тапкандар, ири кыйроолор жок экенин билдирип жатат.

Зилзаланын очогу Карупано шаарынан алыс эмес жерде 123 чакырым тереңдикте орун алган. Бул аймакта негизинен балыкчылардын кыштактары жайгашкан. Ошентсе да баш калаа Каракаста да жер катуу силкингенин, эл дүрбөлөңгө түшкөнүн Интернетке жарыяланган видеолордон көрүүгө болот.

Адатта күчү жети баллдан ашкан жер титирөөлөр ири кыйроолорго алып келет. Бирок адистер бул жолку зилзаланын очогу жердин кыйла тереңинде орун алгандыктан анын кыйратуучу күчүн азайтканын айтып жатышат. (KKS/UE)

XS
SM
MD
LG