Аксы районунун электр энергиясы жок Кызыл-Бейит айылынын жашоочуларына күндөн электр жарыгын алуучу жабдуу орнотулуп, сыналгы, муздаткычтар кошо берилди. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жалал-Абад электро” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ГЭС курулгандан кийин жолу суу алдында калып, электр энергиясы жок жашап келе жаткан айылдыктардын көйгөйүн чечүүчү долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржылаган. Күндөн кубат алып иштөөчү аппарат кыштактагы 50 кожолуктун баарына берилди. Ар бир үйгө 100 миң сомго бааланган жабдыктарды энергетиктер орнотуп, аны пайдалануунун ыкмаларын жергиликтүү элге түшүндүрүп беришти.
Кызыл-Бейит айылы Ак-Жол айыл аймагына кирет. 1980-жылдарга чейин бул кыштак Бишкек-Ош жолунун боюнда турган. Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, жол суу астында калган. Учурда бул айылда 50 түтүндө 300гө жакын адам жашайт. ГЭСтин жанында жайгашканы менен айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп жок, уюк байланышы да жакшы тартпайт. Кызыл-Бейиттин тургундары Нарын дарыясынан кайык менен өтүп катташат. (RsK\ErN)