Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:57

АКШнын Орусияга каршы Скрипалдар боюнча санкциялары күчүнө кирет

Орусия менен АКШнын желектери.
Орусия менен АКШнын желектери.

Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу АКШнын Орусияга каршы киргизген жаңы санкциялары 22-августтан тартып күчүнө кирүүдө.

Быйыл 8-августта жарыяланган санкцияларга ылайык, улуттук коопсуздук чөйрөсүнө тиешеси бардык товарларды жана технологияларды, электроника, авиация жана мунай-газ тармагында колдонулуучу жабдыктарды АКШдан Орусияга экспорттоого тыюу салынат.

Эгер Москва үч ай ичинде химиялык куралдарды колдонбоо тууралуу кепилдик бербесе жана эл аралык инспекторлор менен кызматташпаса, анда санкциялардын экинчи бөлүгү күчүнө кириши керек.

Анда орусиялык "Аэрофлот" аба компаниясынын АКШга барган каттамдарына чектөө киргизүү сыяктуу чаралар да каралган.

Вашингтон Москва химиялык жана биологиялык куралдарды көзөмөлдөө жөнүндө 1991-жылы АКШда кабыл алынган мыйзамды бузду деп эсептейт.

Кремль Американын жаңы чараларын "мыйзамсыз" деп атаган. Ошондой эле Москва Скрипалдардын ууландырылышына тиешеси жок экенин такай айтып келет.

Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия быйыл март айында Британиянын Солсбери шаарында Советтер Союзунун убагында чыгарылган "Новичок" химиялык заты менен ууландырылганы аныкталган.

Скрипалдар жумалап созулган дарылануу курсунан кийин кайра эсине келип, ооруканадан чыгышкан.

Алардын окуясынан кийин Британия химиялык курал боюнча эл аралык чектөөлөрдү күчөтүү багытында аракет көрүп, жакында Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун ыйгарым укуктары кеңейтилишине жетишкен.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев АКШнын жаңы санкциялары тууралуу айтылгандан кийин 10-августтагы сөзүндө эгер алардын алкагында банктардын ишмердигине же тиги же бул валютаны колдоого тыюу салынса, бул “экономикалык согуш” жарыялаганга тете болорун белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG