Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:55

Кара-Кулжада ооруканага жаткырылган 12 адам күйдүргү экени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда күйдүргүнүн белгилери менен ооруканага жаткырылган 12 адамга “Сибирь жарасы” (күйдүргү) диагнозу коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.

Ал Республикалык карантиндик өзгөчө коркунучтуу оорулар борборунун директору Сабыржан Абдикаримовдун сөзүнө таянып билдиргендей, беш оорулуунун териси күйдүргү экени лабораториялык жол менен тастыкталды. Ал эми калгандарыныкы клиникалык-эпидемиологиялык анализдин жыйынтыгы менен такталды. Мындан сырткары, мал сойгон жайга жасалган анализ оору жукканы тууралуу жыйынтык берди.

Учурда 12 адамдын үчөө бейтапкадан чыгарылды, калгандары Кара-Кулжа райондук ооруканасында дарыланууда. Сөз болуп жаткан кишилер уйдун этин жешкени айтылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG