Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:52

Түркия: кылмышка шектүү АКШ элчилигин Трамптын билдирүүсүнөн улам аткан


АКШнын Анкарадагы элчилигинин ок тийген айнеги. 20-август, 2018-жыл.
АКШнын Анкарадагы элчилигинин ок тийген айнеги. 20-август, 2018-жыл.

Отуз тогуз жаштагы Ахмет Челиктен ал АКШнын Анкарадагы элчилигине кол салууга президент Дональд Трамптын Түркия боюнча билдирүүлөрүнөн жана улуттук акча лиранын куну кетишине кыжырланганынан улам катышканын полициядагы сурак учурунда айткан. Бул тууралуу түрк медиасы кабарлоодо.

Түрк полициясы АКШнын Анкарадагы элчилигинин башкы дарбазасы автоунаадан 20-августтун таңында алты ирет атылганына байланыштуу Ахмет Челиктен менен отуз сегиз жаштагы Осман Гуйундашты да кармаган. Расмий Анкара алардын аракетин “ачык чагым” деп атаган болчу.

Түркияда лиранын куну кетишинин жаңы баскычы АКШ 10-августтан тартып бул өлкөдө өндүрүлгөн болотко 50%, алюминийге 20% кошумча бажы салыгын киргизгенден кийинки учурга туш келди.

Вашингтон өз кезегинде Түркияга каршы экономикалык санкцияларын расмий Анкара америкалык евангелист динаятчы Эндрю Брансонду бошотпой жатканына да байланыштырган.

Эгер бир жарым жыл мурда Измир шаарында кармалып, азыр үй камагында олтурган Брансон сотто күнөөлүү деп табылса, 35 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Түркия тарап аны тыңчылык жана терроризм боюнча күнөөлөп, АКШдагы түрк диниятчысы, 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракети үчүн айыпталган Фетхуллах Гүлен менен карым-катышта экенин билдирген.

Америкалык динаятчынын өзү жана АКШнын бийлик өкүлдөрү бул дооматтарды четке кагышкан.

Буга чейин Түркияны америкалык динаятчыны тезинен бошотууга президент Дональд Трамп дагы чакырып, болбосо жаңы санкциялар киргизилерин эскерткен.

Ал эми президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон "Reuters" менен Израилдеги сапарындагы маегинде "Түркиянын өкмөтү пастор Эндрю Брансонду бошотпоо менен чоң ката кетирди. Эгер ал НАТО боюнча өнөктөш жана Батыштын бир бөлүгү катары туура кадам таштап, пастор Брансонду эч шартсыз бошотсо, бул кризис дароо аякташы мүмкүн”, - деди. (UE)

XS
SM
MD
LG