Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:05

Өкмөт соттун Матраимов боюнча чечимине каршы арызданды


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Өкмөт Райымбек Матраимов боюнча райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко кайрылды. Бул тууралуу 22-августта “Азаттык” радиосуна өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Апелляциялык арыз шаардык сотко 17-августта берилгени айтылды.

Быйыл 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Өз чечимин түшүндүрүп бул сот органы Матраимов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы тууралуу далил табылбаганын, аны жазалоого негиз болуучу кызматтык иликтөө жүрбөгөнүн жана тартип комиссиясынын бүтүмү болбогонун айткан.

Ошону менен катар Матраимов стационардык дарыланууда жүргөн маалда иштен алынганы, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын аны бошотуунун себептери көрсөтүлгөн сунушу болбогону негизги жүйө катары келтирилген.

Эл ичинде "Раим миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG