Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:57

Тажикстанда таанымал журналист абактан бошотулду


Хайрулло Мирсаидов.
Хайрулло Мирсаидов.

Тажикстандын Согди облусунун соту журналист Хайрулло Мирсаидовду 22-августта сот залынан анын ишин апелляциялык баскычта кароо учурунда бошотту.

Журналистти мурда он эки жылдык абакка кескен сот өкүмү анын коомдук ишке тартуу жана 80 миң сомони (8,5 миң доллар) өлчөмүндө акчалай айыппул салуу менен алмаштырылды.

Кийинки күндөрү социалдык түйүндөрдө абактагы журналистти бошотууга үндөгөн кеңири өнөктүк жүрүп жаткан болчу.

Хожент шаардык соту Мирсаидовду "мамлекеттик каражатты кымырып алганы, максатсыз пайдаланганы жана жалаа жапкандыгы" үчүн күнөөлүү деп таап, быйыл 11-июлда 12 жылга түрмөгө кескен.

Ал былтыр декабрда кармалган. Мирсаидов күнөөсү жоктугун, бул иш өкмөттөгү паракорлуктун бетин ачкан репортаждары үчүн өч алуу экенин айтып келген.

Мирсаидов – эркин журналист. Мурда "Asia-Plus" агенттиги жана “Немис толкуну” радиосунун кабарчысы болчу. Ошондой эле КВНдын Тажикстан командасын жетектечү.

"Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюму журналистти "абийир туткуну" деп атаган.

Соттун алгачкы чечиминен кийин Британиянын, Германиянын, Франциянын, АКШнын жана Евробиримдиктин Дүйшөмбүдөгү элчиликтери биргелешип жасаган билдирүүдө Хайрулло Мирсаидовго чыгарылган өкүм "Тажикстандын кызыкчылыгына жана өнүгүү пландарына эл аралык коомчулуктун колдоосун камсыз кылуу максатына жооп бербейт" деп белгилешкен. (UE)

XS
SM
MD
LG