Кыргызстан менен Түркмөнстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация президент Сооронбай Жээнбековдун Ашхабаддагы мамлекеттик сапарында кол коюла турган башкы саясий документ болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
Мамлекет башчысы Түркмөнстанга бүгүн барат. Эки күндүк сапардын алкагында ал Арал деңизин сактоо фондунун эл аралык саммитине да катышат.
Данияр Сыдыковдун айтымында, буга чейин өкмөт аралык комиссия эки-үч жылдан бери токтоп турган ишин кайра улантып, кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда мурда кабыл алынган келишимдер аткарылбай жатканынын себептери, кызматташтыктын негизги багыттары талкууланган.
- Ушул мамлекеттик сапардан кийин эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык да илгерилейт деп ойлойбуз, - деди ал.
Ал эми Арал деңизин сактоо фондунун эл аралык саммитинде Кыргызстан бул уюмдун ишине байланыштуу көз карашын так билдиргени жатат. Данияр Сыдыков белгилегендей, 2009-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери фонддун тутумун жана келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышкан, бирок Кыргызстан бул маселеде жылыш болгонун байкаган жок. Ошондуктан кыргыз тарап фондду комплекстүү реформалоону жактайт. (RK)