Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

"Коопсуз шаарды" ишке ашыра турган компания тандалат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра турган компанияны тандоо болот. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев билдирди. Анын айтымында, техникалык жана укуктук актылар боюнча эки иш тобу түзүлгөн. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана тапшырмасы бүткөн, коомдук талкуулар өткөрүлдү. Тендер 20-июлда жарыяланган.

Шаршембиев белгилегендей, тандоо эки тур менен өтөт:

Биринчи турда автоматташтырылган система өзү тандайт. Экинчиси – сынак комиссиясы ар бир компаниянын документтерин карап чыгат.

Сынак ачык, онлайн режимде өткөнү жатат. Ар бир этап коомчулук үчүн ачык көрсөтүлүп турат.

Шаршембиев кошумчалагандай, «Коопсуз шаар» долбоорун сервистик модель менен жүзөгө ашыруу каралып жатат. Өкмөт жабдуу сатып алууга катышпайт, фото жана видеофиксация кызматтарын гана сатып алып турат.

Өкмөттүн коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну максат койгон «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу аракети бир нече жылдан бери аткарылбай келе жатат. Үч жолу сынак өткөрүлүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылбай, тараптар соттошуп киришкен. (BkA)

XS
SM
MD
LG