Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:39

Путин менен Лукашенко Сочиде жолугушту

Владимир Путин менен Александр Лукашенко.
Владимир Путин менен Александр Лукашенко.

Кремль Владимир Путин беларус президенти Александр Лукашенко менен Сочи шаарында жолукканын кабарлады. “Интерфакс” агенттигинин жазганына караганда, 22-августтагы жолугушууда Лукашенко Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамиледе талкуулай турган түрдүү маселелер топтолуп калганын белгилеген.

"Биз кээ бир маселелерди чечишибиз керек, аларды бизсиз эч ким чечпейт" деген беларус лидери.

Беларус президентинин Путин менен жолугушуусу ал 10-августта Москваны Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өз милдеттерин аткарбай жатканы үчүн катуу сындагандан кийин биринчи жолу болду.

Анда Лукашенко Орусия биримдиктеги өнөктөштөрүнө адилетсиз атаандаштык түзүп жатканын билдирген.

Беларус лидери “азыр бизде оор кырдаал, орусиялыктар биз алардын вассалы болгондой, өздөрүн жырткычтай алып жүрүп жатышат” деп сындаган.

Евразия Экономикалык Биримдигинин курамында Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Армения бар.

XS
SM
MD
LG