Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагында эки адамдын өмүрүн алган намазканадагы өрттүн чыгышына газ баллону жарылып кеткени себеп болгон деп болжолдонууда. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Анын айтымында, ӨКМдин өрткө каршы күрөш кызматынын адистери менен текшерүүнүн баштапкы жыйынтыктары ушундай чыкты. Окуя болгон жерге Ош ОИИБнын ыкчам тергөө тобу жана Араван РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, фототаблица түзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Тергөө улантылууда.
Каза болгон 36 жаштагы аял жана 10 жаштагы наристе эне-бала болгону такталды. Аял киши намазканага туташ турган ашканада ашпоз болуп иштеген.
Өрттөн намазкана, анын жанындагы ашкана жана соода жайы өрттөнгөнү белгилүү болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-августта эртең менен Араван районунда мечит өрттөнүп, андан эки адам каза болгонун кабарлаган. Алдын-ала айтылгандай имарат мечит эмес, намазкана болгон жана ал жайгашкан айыл Гүлбар эмес, Бел айылы экени такталды. (ErN)