Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

ИМ тобунун башчысынын жаңы аудио билдирүүсү чыкты


Абу-Бакр ал-Багдади.
Абу-Бакр ал-Багдади.

«Ислам мамлекети» экстремисттик уюмуна караган «Ал-Фуркан» фонду чыгарган 54 мүнөттүк аудио кайрылуу 22-августта жарыяланды.

Буга чейин экстремисттик топтун лидери Абу-Бакр ал-Багдади тууралуу карама-каршылыктуу маалыматтар чыгып келген. Учурда согушкер уюм 2014-жылы Ирак менен Сириянын аймагында халифат жарыялагандан кийин ээлеп турган аймагынын 90 пайызынан ажыраган. Багдадинин акыркы аудио кайрылуусу былтыр сентябрда жарыяланган. Анда кандай курал менен болсо да, душмандарга кол салууга чакырык ташталган жана акыркы мезгилде дүйнөнүн бир катар жериндеги чабуулдар үчүн «Ислам мамлекети» жоопкерчилик алган.

Багдади акыркы билдирүүсүндө азыркы кырдаал, анын ичинде Курман айт тууралуу сөз кылып, америкалык пастордун айынан бузулган түрк-америка алакасына да токтолгон. Эгер аудиожазуудагы үн Багдадиники экени тактала турган болсо, анда бул анын өлгөнү тууралуу маалыматтарды төгүндөйт.

Багдади "Америка өз тарыхындагы оор мезгилди башынан кечирүүдө" деп, Орусия Жакынкы Чыгыштагы таасир үчүн Кошмо Штаттар менен атаандашып жатканын белгилеген.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун башчысы 2014-жылы Ирактын Мосул шаарында бир гана жолу көрүнгөн. Кийин анын өлгөнү тууралуу бир канча маалыматтар чыккан, бирок америкалык аскерлер ал дагы эле тирүү экенин айтып жатышат.

Абу-Бакр Ал-Багдадинин кайда экени белгисиз, айрым маалыматтарда ал Сирия-Ирак чек арасындагы чөлдүү аймакта жүрөт.

XS
SM
MD
LG