Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Босния-Герцеговинада поезд кырсыгынан эки адам көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Полициянын билдиргенине караганда, бул өлкөнүн түштүгүндө эки жүк ташуучу поезд кагышкан кырсыктан эки адам өлдү, дагы үч киши жабыркады. Кырсык 22-августтун кечинде Ябланица шаарындагы темир жол станциясында болгон.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, дагы бир киши поездден секирип кетип, аман калган.

Бийлик темир жолдогу кырсыктын себебин аныкталгана чейин борбор шаар Сараево менен түштүктөгү Мостар шаарынын ортосунда каттам убактылуу токтотуларын билдирди.

XS
SM
MD
LG