Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Ток урган жоокердин экинчи колу кесилер-кесилбеси кеңешмеден кийин чечилет


Руслан Сапарбаев Бишкек шаарындагы №4 ооруканада дарыланууда.

Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк-жараат бөлүмүнүн дарыгери Владимир Плаксин кезмет учурунда токко урунуп, оор жаракат алган жоокер Руслан Сапарбаевдин сол колун ампутация кылуу боюнча чечим дарыгерлердин консилиумунан кийин кабыл алынарын билдирди. Ал жигиттин колундагы күйүп калган жерлерде жара (гангрена) өйдө жылып баратканын да кошумчалады.

Дарыгер бул жөнүндө жоокердин өзүнө, анын жакындарына да маалымат берилгенин белгиледи.

Токко эки колу күйүп калган Руслан Сапарбаевди дарыгерлер 17-августта операция кылып, оң колун чыканагынан өйдөрөөк ампутация кылышкан. Учурда жоокердин абалы оор, бирок туруктуу деп бааланып жатат.

Буга чейин жоокердин жакын тууганы Гүлмира Кашкараева “Азаттыкка” кайрылып, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн иниси Руслан Сапарбаев токко урунуп, оор жаракат алганын кабарлаган. Ал жоокер постто турган кезде электр тактайчасындагы зымдарга тийип, күйүп калганын айткан эле.

Жоокердин жакындары күчтүү дарыгерлерди тартып, анын экинчи колун сактап калууга жардам берүүнү бийликтен өтүнүүдө. Алар ошондой эле бул ишти гарнизондук аскер прокуратурасы жетиштүү иликтебей жатканын айтышып, Башкы прокуратурага да арыз жазышты.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, окуя 8-августта болгон. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго кол салып алганын билдирген.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. Ал быйыл жазында аскерге чакырылып Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылып жүргөн. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG