“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин мындан аркы дарылануусун аныкташ үчүн 23-августта өтө турган дарыгерлердин консилиуму болбой калды. Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Анын айтымында, Улуттук кардиология борборунун кызматкерлери кеңешмени эки күндөн кийин, 25-августта өткөрө турган болушту. Ошондо бейтаптын абалы талданып, мындан аркы дарылануусу каралат.
Текебаев №47 абактан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна 31-июлда которулган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Текебаев күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклерозу, экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок, эутериоз менен жабыркай тургандыгын жарыялаган. Камактагы эрежелерге ылайык, Текебаевге туугандары менен жолугушууга уруксат берилген жок. Ал сакчылардын кайтаруусунда дарыланууда.
Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтукка кабылганын айтып келет. (ErN\EBm)