Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

АКШнын жаңы санкцияларынан кийин рубль долларга карата дагы арзандады


23-августтагы расмий курс боюнча бир АКШ доллары 68,52 рублди түздү, башкача айтканда, доллар кечээкиге караганда бир рублга өскөн. Бул - эки жыл аралыгындагы доллардын рублга карата эң жогорку кымбаттоосу. Орус акчасынын куну еврого карата да бир рублга төмөндөгөн.

Рублдин курсу август айынын башында АКШ Орусияга жаңы санкцияларды салаары тууралуу маалыматтар чыкканда төмөндөй баштаган. Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу АКШнын Орусияга каршы жаңы санкциялары 22-августтан тартып күчүнө кирген. Ага ылайык, улуттук коопсуздук чөйрөсүнө тиешеси бар товарларды жана технологияларды, электроника, авиация жана мунай-газ тармагында колдонулуучу жабдыктарды АКШдан Орусияга экспорттоого тыюу салынууда.

XS
SM
MD
LG