Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Трамп ага импичмент жарыяланса "экономикада чакчелекей болорун" айтты


Дональд Трамп. 22-август, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп эгер ага импичмент жарыялана турган болсо, базар "астын-үстүн" болот деп эскертти. Бул тууралуу ал бейшемби күнү "Fox & Friends" телепрограммасында билдирди. Америка лидери: "Президенттик кызматта эң жакшы иштеп жаткан адамга кантип импичмент жарыялоого болсун?" деди.

Трамп эгер ал келерки шайлоодо кайра шайланбай кала турган болсо, "АКШнын экономикасы начарлайт" деген божомолун да айтты. Өзүнүн президенттик кызматын экономикалык жактан ийгиликтүү деп атаган мамлекет башчынын көз карашында, эгер 2016-жылдагы шайлоодо Хиллари Клинтон утканда экономика төмөн кетмек.

Буга чейин анын шайлоо штабынын мурдагы башчысы Пол Манафортту арачылар соту 18 айыптын 8и боюнча күнөөлүү деп таап, анын мурдагы юристи өз башчысынын көрсөтмөсү менен "каржылык кылмыштарга" барганын мойнуна алган.

Жогорудагы фактылардан улам америкалык айрым белдүү жалпыга маалымдоо каражаттары "Трампка импичмент жарыяланышы мүмкүнбү?" деген маселени көтөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG