Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Болтон: АКШ Орусиянын дагы шайлоого кийлигишүүсүнө “чыдабайт”


Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев (солдо) жана АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон.
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев (солдо) жана АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Москванын өкүлүнө алдыдагы шайлоого Орусия тараптан кийлигишүү боло турган болсо, “чыдашпай турганын” эскерткенин шаршембиде журналисттерге билдирди. Ал 23-августта Женевада Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен кездешти.

Швейцариядагы жолугушуу беш саатка созулуп, жабык өттү, журналисттер киргизилген жок. Анда Сириядагы согуш, Ирандын өзөктүк курал маселеси, Украинанын чыгышындагы жаңжал жана АКШнын санкциялары күчүнө кирип жаткан кездеги эки тараптуу мамиле талкууланган.

АКШнын атайын кызматтары "Орусия Трамптын пайдасына 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкен" деген жыйынтыкка келишкен. АКШда быйыл ноябрда да Конгресске "орто мөөнөттүк" деп аталган шайлоо өткөнү турат.

“Мен 2018-жылдагы шайлоого кийлигишүү болсо “чыдабай турганыбызды” эскерттим. Биз кийлигишүүнү токтотуш үчүн чечимдерди кабыл алууга даярбыз” деди Жон Болтон жолугушуудан кийинки журналисттерге айткан сөзүндө.

Москва шайлоого кийлигишүү болгону тууралуу билдирүүлөрдү дайыма четке кагып келе жатат, бирок Вашингтон бир катар санкцияларды киргизип, айрым орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарган.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Женевадагы Болтон менен жолугушуудан кийин айтканына караганда, сүйлөшүүдө Москвага карата эч кандай “күнөө” коюлган жок.

XS
SM
MD
LG