Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:57

Мектептердин окуу китептери менен камсыз болушу 80% тегерегинде


Нарындагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарындагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мамлекеттик орто мектептердин окуу китептери менен камсыз болушу бүгүнкү күндө 80 пайыздын тегерегинде болуп турат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Жаңы окуу жылынын башталышына карата бешинчи жана алтынчы класстар үчүн апробациядан өткөн 3 миллионго жакын жаңы окуу китептери таратылып берилет.

Кыргызстанда 2 миң 240 мектеп бар, аларда билим алган окуучулардын саны 1 млн. 158 миң бала. (RK)

XS
SM
MD
LG