«Центерра Голд» компаниясы кыргыз өкмөтү менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтүн узартуу тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.
Келишимге тараптар 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюшкан.
Буга чейин узартуунун мөөнөтү 24-августка чейин деп келсе, эми 2-ноябрь деп белгиленди.
Кумтөрдөгү экологиялык зыян үчүн кыргыз өкмөтү канадалык инвестор “Центерра Голдду” 2013-жылы сотко берип, 100 миллион доллар кенемте талап кылган. Бирок 2017-жылы стратегиялык макулдашуу кабыл алынып, Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна “Центерра Голд” онкологиялык кызматты оңдоого 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Экөөнү тең коомдук уюмдун эсебине которуу жөнүндө чечим кабыл алынган.
Ошол чечимге ылайык былтыр сентябрда өкмөт “Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү” коомдук фондун түзүп, инвестор убада берген 10 миллион доллардын 7 миллионун Кыргызстанга бир ай ичинде которгон. Бул каражат KICB банкына келип түшкөн. (RK)