Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

“Электр станциялары” чырлуу тендердин жеңүүчүсү менен келишим түздү


Бишкек Жылуулук электр борбору. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек Жылуулук электр борбору. Иллюстрациялык сүрөт.

“Электр станциялары” ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылуу боюнча өткөн тендердин жеңүүчүсү, казакстандык “Рассвет компани” фирмасы менен келишим түздү. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Электр станциялары” мекемеси кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, фирма Д, ДГ же Г маркасындагы 400 миң тонна отунду Казакстанды Шабыркүл көмүр кенинен алып келет. Тендер 2-июлда жарыяланып, 2-августта жыйынтыкталган.

Мекеме ырастагандай, ЖЭБди модернизациялоо учурунда курулган эки (HG-710/13.8) жана мурдагы беш (БКЗ-160-100) от казан гана жергиликтүү көмүрдү иштетүүгө ыңгайлашкан. Союз кезинде курулган калган 10 от казан (БКЗ-220-100) Шабыркүл көмүрүн гана жага алат. Башка көмүр жакса, кошумча газ же мазут иштетүүгө туура келет. Ошол себептүү жогорудагы фирма тандалган.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алыш үчүн өткөн тендерде 1 миллиард 350 миллион сом сунуш кылган “Евротранс групп” эмес, 1 миллиард 420 миллион сом сунуш кылган “Рассвет компани” фирмасы утуп кеткенин жазып чыгышкан. Кийин “Электр станциялары” төмөн баа сунуш кылган “Евротранс групп” фирмасынын көмүрүнүн калориясы аз экенин, ошол себептүү ал утулуп калганын билдирген. Ага карабай мекеме аралык комиссия тендерди өткөрүүнү текшерип жатканы айтылган.

Жалпы кыш сезонуна 1 млн. тоннадай көмүр керектелсе, анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн алынып келет. Калган 400 миң тонна Казакстандан импорттолот. (ErN)

XS
SM
MD
LG