2018-жылдын январь айынан июнь айына чейин Кыргызстандагы чакан насыя уюмдары 10,4 млрд. сом насыя беришти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Бул сумманы жалпысынан 220 миң киши алган болсо, алардын 55,1% аялдар түзөт. Алардын колуна көбүнчө 25 миң сомдон 300 миң сомго чейинки суммада каражат тийген.
Алгачкы жарым жылдыкта берилген насыялардын жарымынан көбү алты айдан 12 айга чейинки мөөнөттө, калганы бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөттө берилген. Акча каражаттары айыл чарбасына, керек-жаракты камсыздоого жана тейлөөгө жумшалган.
Кыргызстанда 96 чакан насыя ишканасы Улуттук банктан каттоодон өткөн. (ErN)