Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Додон: Молдованын негизги мүшкүлү - элин жоготкону


Игорь Додон "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна интервью берүүдө. 22-август, 2018-жыл.
Игорь Додон "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна интервью берүүдө. 22-август, 2018-жыл.

Молдованын президенти Игорь Додон мындай көз карашын “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде билдирди. Анын айтымында, Молдованын номер биринчи мүшкүлү - коррупция эмес, өлкө өз элин жоготуп жатканы.

“Биз элибиздин үчтөн бир бөлүгүн жоготтук, бул биз азыркы баскычта туш болгон эң башкы мүшкүл. Ага түсү кандай экенине карабай кийинки өкмөт да кабылат”, - деди Додон.

Молдовадагы акыркы эл каттоонун жыйынтыктарына караганда, 2014-жылы өлкө калкынын саны үч миллиондун тегерегинде болгон. Ал эми башка мамлекеттерге мигрант катары кетип калгандардын саны, ар кандай эсептерге караганда, кеминде 600 миң менен бир миллиондон ашуун адамдын ортосунда.

1991-жылы СССР чачыраганда эгемендигин жарыялаган Молдова ошондой эле Европанын эң жакыр мамлекети болгон.

Жакырчылык менен катар өлкөнүн коррупция боюнча көрсөткүчтөрү да абдан жогору. (UE)

XS
SM
MD
LG