Жалал-Абад облусунун аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерди быйылкы жаңы окуу жылына карата утурумдук оңдоодон өткөрүүгө ата-энелер 39,8 млн. сомдук каражат жумшады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова атайын жыйында билдирди.
Маалыматка ылайык, облустагы 476 мектептин баары жаңы окуу жылына карата даярдыктан өтүп, аларды ондоого республикалык бюджеттен 17 млн., жергиликтүү бюджеттен 83 млн. сом бөлүнгөн. Инвестиция тартуу аркылуу жана демөөрчүлөрдүн эсебинен 79 млн. сомдук иштер аткарылган.
Ага карабай аймакта быйыл 34 авариялык мектеп кайрадан окуучуларды кабыл алат.
Жалал-Абад облусунда 476 жалпы билим берүүчү мектепте 219 миңден ашык окуучу билим алат. (RsK\ErN)