Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Азиада-2018: Төрөкан Багынбай уулу алтын утту (видео)


Төрөкан Багынбай уулу. Жакарта, Индонезия. 24.08.2018-ж.
Төрөкан Багынбай уулу. Жакарта, Индонезия. 24.08.2018-ж.

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште финалда кыргызстандык спортчу Төрөкан Багынбай уулу Бириккен Араб Эмиратынын өкүлү Талиб Алькирбини 2:0 эсебинде жеңип, алтын байге утту.

Багынбай уулу 24-августта жиу-житсунун не-ваза түрүнөн 69 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Ал финалдык таймашка чейин ирандык, казакстандык, түркмөнстандык жана таиланддык спортчуларды жеңип алган.

Ушул эле салмакта дагы бир кыргызстандык спортчу Жакшылык Уранов коло байге үчүн күч сынашып, таиланддык Банпот Лерттайсонгго жеңилип калды.

Спорттун ушул эле түрүнөн жогоруда аталган спортчулардан сырткары бул күнү Кыргызстандан Ариет Бекишов (56 кг.) жана Давран Маразыков (56 кг.) таймашка чыкты. Бекишов 1/8 финалда, Маразыков 1/16 финалда атаандаштарына жеңилип, байгесиз калышты. Төрөкан Багынбай уулу алган байге быйылкы Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебиндеги алгачкы алтын медал. Буга чейин Кыргызстандын спортчулары төрт күмүш, беш коло байге алышкан. Медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 21-орундан 17-орунга көтөрүлдү.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашууда. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар. (ECh\ErN)

XS
SM
MD
LG