Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан, Сары-Жаз өрөөнү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан, Сары-Жаз өрөөнү. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 25-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,

Баткен аймагында түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 22...27 градус болот.

25-августта Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын табы түнкүсүн 13…15, күндүз 28…30 градус ысык болот. (ErN)

 

XS
SM
MD
LG