Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Порошенко: Украина орус империясы менен бардык байланышын үздү


Киевдеги аскердик парад. 24-август, 2018-жыл.
Киевдеги аскердик парад. 24-август, 2018-жыл.

Украин президенти Петро Порошенко бүгүн, 24-августта Киевде, өлкөсүнүн Эгемендик күнүнө арналган аскердик парад учурунда ушундай билдирүү жасады:

- Силер мага украин президентинин кызматын ишенип тапшыргандан бери, мамлекеттик компас Батышты карай көргөзгөн багытынан тайган жок. Орусиядан болсо ажырады жана аны карай бир да жолу бурулган жок. Мындан да олуттуусу - биз Евробиримдик менен НАТОго киргибиз келген мүдөөбүздө бекем турабыз жана бул биздин Конституциябызда көргөзүлгөн.

Президент Порошенко ошондой эле Украина православ чиркөөсүнүн Орус православ чиркөөсүнөн ажырашы армияны чыңдоо, тилди коргоо сыяктуу эле маанилүү маселе экенин, “бул Украинанын тарыхый багытынын дагы бир олуттуу максаты, эгемендиктин компоненти” экенин кошумчалады.

Киевдеги аскердик парадга Украинанын өзүнүн 4,5 миң аскери, 250дөй аскердик техникасы, 18 чет өлкөдөн 300дөй жоокер да катышты.

Украина өз алдынчалыгын СССР расмий чачырардан төрт ай мурда, 1991-жылы 24-августта жарыялаган.

Москва менен Киевдин мамилеси Орусия 2014-жылы жазында Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилердин куралдуу жаңжал чыгарышына көмөк көрсөткөн соң кыйла начарлап кеткен. (UE)

XS
SM
MD
LG