Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:07

Болтон: АКШнын “Түндүк агым-2” боюнча тынчыздануусунун стратегиялык мааниси бар


Жон Болтон Киевдеги басма сөз жыйынында. 24-август, 2018-жыл.
Жон Болтон Киевдеги басма сөз жыйынында. 24-август, 2018-жыл.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу бүгүн Киевдеги басма сөз жыйынында билдирди:

- Менимче президент Дональд Трамп “Түндүк агым - 2” боюнча кабатырлыгын айтканда баса белгилеген жагдайлардын бири - анын бүткүл Европа үчүн экономикалык эле мааниси эмес. Сөз ал жерде Орусиядан мунай менен газга кыйла деңгээлде көз каранды болуунун экономикалык эле эмес, стратегиялык мааниси жөнүндө да жүрүп жатат, - деди Болтон.

АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн айда Брюсселдеги сапарында “Түндүк агым - 2” долбоорун кескин сынга алып, “Германия орус газынын барымтасында” калганын, жаңы газ куурунун курулушу анын көз карандылыгын ого бетер күчөтөрүн айткан.

Ал арада немис канцлери Ангела Меркел бүгүн Тбилисиде сүйлөгөн учурунда "жаңы газ кууру Германияны энергия жагынан Москвага көз каранды кылат" деген көз караштарга макул эмес экенин билдирген.

“Түндүк агым - 2” долбоору Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Орусиянын газын алып келет. Ал Москва Берлинге түз сата ала турган көгүлтүр отундун көлөмүн азыркыдан эки эсе көбөйтө турган долбоор.

Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү жана Вашингтон "бул долбоор Москванын Батыш Европага таасирин күчөтөт" деп эсептегендиктен анын ишке ашырылышына каршы чыгып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG