Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Алматы соту Муратбек Тунгышбаевдин камак мөөнөтүн бир айга узартты


Муратбек Тунгышбаев
Муратбек Тунгышбаев

Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына оппозициячыл активист менен блогердин адвокаты Айнур Омарова кабарлады.

Прокурор соттон Тунгышбаевдин камак мөөнөтүн узартууну анын иши боюнча “тергөө аракеттери” аягына чыга электиги, экспертиза даяр болбогону менен түшүндүргөн.

Бул сот жараяндын алдында, эки апта мурун Казакстандын Башкы прокуратурасы камактагы жарандык активист Муратбек Тунгышбаевге коюлган айыпты өзгөртүү боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасына өтүнүч жибергени кабарланган.

Бирок бул маалымат расмий ырасталган эмес.

Тунгышбаевге буга чейин Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 405-беренеси ("Экстремисттик уюмдун ишине катышуу") боюнча айып тагылган. Анын Бишкектеги адвокаты Нурбек Токтакунов коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органы учурда аны 256-беренеге ("Терроризмге үгүттөө же терроризмге ачык чакырык таштоо") өзгөртүүнү суранганын билдирген.

Казакстандык оппозициячыл активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 10-майда Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кармаган.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо тууралуу чечим чыгарып, ал Казакстанга 26-июнда жөнөтүлгөн.

Кыргыз бийлигинин блогерди Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу чечимин жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар кескин сынга алган.

Тунгышбаев коңшу өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыпталган. Бозгунда жүргөн казак олигархы Мухтар Аблязов түзгөн кыймылды казак бийлиги 18-мартта “экстремисттик уюм” деп тааныган. (UE)

XS
SM
MD
LG