Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Болтон: Санкциялар Орусия жүрүм-турумун өзгөртмөйүнчө сакталат


Жон Болтон Киевдеги басма сөз жыйында. 24-август, 2018-жыл.
Жон Болтон Киевдеги басма сөз жыйында. 24-август, 2018-жыл.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу 24-августта Киевдеги басма сөз жыйында билдирди.

Ал Орусия Украинанын 2019-жылкы президенттик шайлоосуна кийлигишпөөсү керектигин белгиледи.

Киевге келер алдында Болтон Женевада Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен кездешкен. Анда эгер Москва АКШнын алдыдагы шайлоосуна ( быйыл ноябрда Конгресске өтүүчү) кийлигише турган болсо, Вашингтон муну менен “келише албай” турганын эскерткен.

Киевдеги басма сөз жыйында Жон Болтон АКШнын Орусия кызыкдар “Түндүк агым-2” газ долбоору боюнча тынчыздануусунун себептерин да чечмеледи:

- Менимче президент Дональд Трамп “Түндүк агым - 2” боюнча кабатырлыгын айтканда баса белгилеген жагдайлардын бири - анын бүткүл Европа үчүн экономикалык эле мааниси эмес. Сөз ал жерде Орусиядан мунай менен газга кыйла деңгээлде көз каранды болуунун экономикалык эле эмес, стратегиялык мааниси жөнүндө да жүрүп жатат, - деди Болтон.

АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн айда Брюсселдеги сапарында “Түндүк агым - 2” долбоорун кескин сынга алып, “Германия орус газынын барымтасында” калганын, жаңы газ куурунун курулушу анын көз карандылыгын ого бетер күчөтөрүн айткан.

“Түндүк агым - 2” долбоору Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Орусиянын газын алып келет. Ал Москва Берлинге түз сата ала турган көгүлтүр отундун көлөмүн азыркыдан эки эсе көбөйтө турган долбоор.

Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү жана Вашингтон "бул долбоор Москванын Батыш Европага таасирин күчөтөт" деп эсептегендиктен анын ишке ашырылышына каршы чыгып келет. (UE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG