Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров Москвада сыртынан камалды


Сирожиддин Мухтаров. Ош ОИИБ басма сөз кызматы сунуштаган сүрөт.
Сирожиддин Мухтаров. Ош ОИИБ басма сөз кызматы сунуштаган сүрөт.

Санкт-Петербургдагы метродо 2017-жылдын апрелиндеги жардырууну уюштурууга байланышы бар деп айыпталган кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров эки айга сыртынан камалды.

Мындай чечимди Москванын Басманный райондук соту 23-августта чыгарганын РИА "Новости" кабарлады. Судья Елена Ленскаянын айтымында, Мухтаровго карата чыгарылган чечим ал кармалган күңдөн тарта эсептелет.

Бир ай мурда Орусиянын тергөө комитети "Санкт-Петербургдун метросундагы жардырууну уюштурган" деп айыпталган "Катиба Таухид валь-Жихад" диний уюмунун лидери кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров экенин маалымдаган.

Ал Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылынын 28 жаштагы тургуну. Кыргызстандын күч органдары Сирожиддин Мухтаров учурда Сирияда "Абу Салах" деген каймана ат менен жоочулардын кол башчысы болуп жүргөнүн тастыктаган.

Санкт-Петербургда 15 адамдын өмүрү кыйылган жардырууну согушкерлердин буйругу менен Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов ишке ашырганын Орусиянын укук коргоо органдары билдирип, Борбор Азиядан барган бир канча адам кармалган. Бирок анын атасы жана жакындары муну куру доомат катары баалап, күч органдарынын атайын уюштурган "оюну" катары мүнөздөп жатышат. Кармалгандар азыр Орусияда камакта отурат.

Жардырууга ушул күнгө чейин бир да террордук уюм жоопкерчилик алган жок.

XS
SM
MD
LG