Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Минск шаарында оппозиция мүчөлөрү кармалды


Минск. Шаардагы радиомунаранын көрүнүшү.
Минск. Шаардагы радиомунаранын көрүнүшү.

Беларустун баш калаасы Минск шаарында оппозициянын жыйырмага жакын мүчөсү кармалды. Арасында Беларус улуттук конгрессинин лидери Николай Статкевич да бар. 24-августтагы кабарга ылайык, аларды сот имаратынын алдында атайын даярдыктагы аскер отрядынын өкүлдөрү алып кетишкен.

Активисттер радио-электроникалык өндүрүш тармагындагы кызматкерлердин көз карандысыз кесиптик кошуунунун жетекчилери Геннадий Федынич менен Игорь Комликти колдоо максатында сот имаратынан алдына чогулушкан. Кармалгандарга салык төлөгөн эмес деп айып коюлган. Активисттер буга нааразылык билдирип чыгышкан.

Оппозициядагылар жана укук коргоочулар Федынич менен Комликке коюлган айып ойдон чыгарылганын белгилешүүдө. Буга чейин Кесиптик кошуундардын эл аралык конфедерациясы да аларды жасалма айыптоону токтотууну өтүнүп, мамлекет башчы Александр Лукашенкого кат менен кайрылган.

XS
SM
MD
LG