26-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 23...28;
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 23...28;
Баткен облусунда түнкүсун 12...17, күндүз 25...30;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25;
Нарын дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 13...15, күндүз 26...28 градуска чейин абанын температурасы көтөрүлөт. Жаан-чачын болбойт.