Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Жон Маккейн мээсиндеги шишикке каршы дарыланууну токтотту


Америкалык республикачы сенатор Жон Маккейн мээде пайда болгон шишикти дарылатууну токтотту. Ал акыркы айларда Аризона штатындагы өзүнүн үйүндө аталган дартты дарылоочу физиотерапиядан өтүп жаткан.

81 жаштагы Маккейндин үй-бүлөсү сенаторду колдоп-кубаттагандарга ыраазычылык билдирди.

2017-жылдын июнь айында Маккейнге мээ шишигинин эң оор түрү саналган глиобластома диагнозу коюлган.

Ал Вьетнам согушунун ардагери. 2008-жылы Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер болгон.

Путиндин сынчысы, Орусияга каршы катаал саясат жүргүзүүнү жактаган Маккейн Сенаттын Куралдуу күчтөр боюнча комитетин жетектейт.

XS
SM
MD
LG