Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

АКШда сенатор Жон Маккейн каза болду


Америкалык сенатор Жон Маккейн 81 жаш курагында каза болду.

24-августта анын үй-бүлөсү сенатор рактан дарылануусун токтотконун жарыялаган. Маккейн акыркы жылдары мээсиндеги шишиктен жабыркап, дарыланып келген. Ага 2017-жылдын июнь айында мээ шишигинин эң оор түрү саналган глиобластома диагнозу коюлган.

Сенатордун каза болгону тууралуу үй-бүлөсү кабар таратты.

АКШ президенти Дональд Трамп "Твиттердеги" баракчасы аркылуу көңүл айтты. Буга чейин Маккейндин үй-бүлөсү саясатчы менен коштошуу зыйнатына Трамптын катышуусун каалабай турганын жарыялашкан.

Жон Маккейн Аризона штатынан алты ирет сенаторлукка шайланган. 2008-жылы Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер болуп, Барак Обамадан жеңилип калган.

Ал Вьетнам согушунун ардагери. Согуш учурунда туткунга түшүп, беш жылдан соң гана бошотулуп мекенине кайтып келген.

Сенатта Орусиянын саясатынын сынчысы катары Путиндин бийлигине карата катаал саясат жүргүзүүнү жактаган.

Сенаттын Куралдуу күчтөр боюнча комитетин жетектеген Жон Маккейн акыркы жылдары Дональд Трамптын Орусияга карата саясатын сындап келген.

XS
SM
MD
LG