Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Москвада оппозиционер Алексей Навальный кармалды


Алексей Навальныйды январь айындагы акция учурундагы кармоо учуру
Алексей Навальныйды январь айындагы акция учурундагы кармоо учуру

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный ишемби күнү Москвада кармалды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Кира Ярмыш "Твиттерге" жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Навальныйды быйыл январь айындагы административдик мыйзам бузуу үчүн кармашкан. Аны үйүнүн алдынан кармап, “Даниловский” милиция бөлүмүнө алып келишкен. Ярмыштын жазышынча, Навальныйды бир нече саат адвокат менен жолуктурган эмес.

Оппозиционерди кармоо учурунда анын чыпалагы сынды деп ооруканага алып барышкан.

“Ооруканадан Навальныйдын чыпалыгы сынганы аныкталган жок, Кайра милиция бөлүмүнө алып келишти”, - деп жазды РБК порталы.

Кира Ярмыш Навальныйдын үстүнөн сот 27-августка белгиленгенин, ага чейин чыгарбайт деген маалыматты таратты.

Оппозиционердин тарапкерлери бул кармоону 9-сентябрга белгиленген акцияга байланыштырууда. Буга чейин Навальный ушул күнү Орусиядагы пенсиялык курактын жогорулашына каршы акцияга чыгууга үндөп жаткан.

Москва бийлиги нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат бере элек.

Ал ортодо ишембиде Воронежде акция өткөрүп жатышкан Навальный тарапкерлерине кол салуу болгону белгилүү болду. Андан акциянын катышуучуларынын биринин мурду сынып, ооруканага түштү.

XS
SM
MD
LG