Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Жаңы окуу жылында 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилет


Кыргызстанда 1-сентябрга карата 27 мектеп, төрт бала бакчанын имараты пайдаланууга берилет. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин 150 социалдык объекттин курулушун бүткөрүү пландалган. Анын 77и билим берүү мекемелери. Булардын ичинен 27и мектептин жана төрт бала бакчанын имаратынын курулушу бүткөрүлдү.

Быйыл 4 миллиард 438 миллион сомго 104 социалдык объектти жаңыдан куруу каралса, 2 миллиард 74 миң сомго 31 объект капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Алардын ичинен 31и 1-сентябрга чейин бүткөрүлсө, октябрда 41 объект, ноябрда 26, ал эми жыл аягына чейин чейин 52 имарат пайдаланууга берилиши керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG