Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Рим папасы кечилдерден ыдык көргөндөр менен жолукту


Рим папасы Франциск Католик чиркөөсү айрым кечилдердин “жийиркеничтүү сексуалдык зомбулукка барганын жана аны жашыруу аракеттерин” кандай болсо да токтотушу керек деп билдирди. Бул туралуу Дублинге сапары учурунда билдирди.

Папа Франциск көптөгөн кечилдердин бачабаздык аракеттери үчүн чиркөө жооптуу экенин билдирип, мындай окуялар Ирландияда да катталганын белгиледи.

Буга чейин 20-августта Рим папасы католиктерге кат менен кайрылган. Ал чиркөөнүн көптөгөн адамдарга азап чектирген жаман көрүнүштөргө өз убагында көңүл бурбаганын билдирген. Бирок чиркөөдөгү бачабаздык окуяларынын кайталанбашы үчүн эмне чаралар көрүлөрүн айткан эмес.

Ал ишемби күнү кечинде кечилдер тарабынан сексуалдык ыдык көргөн сегиз адам менен жолукту. Ватикан тараткан маалымат боюнча, бир жарым саатка созулган жолугушууда Рим папасы сексуалдык ыдык көргөн ар бир адамдан кечирим сурады.

Айрым маалымат каражаттары Католик чиркөөсүнүн башчысын терс көрүнүштү чечүү үчүн эч бир чара сунуштабаганын сындап чыкты.

Чиркөөдөгү бачабаздык окуясы боюнча акыркы чоң жаңжал Пенсильванияда орун алган. Бул штаттагы Чоң жюри 1950-жылдары 300дөн ашык диниятчы миңге жакын өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу доклад жарыялаган.

Рим папасынын Ирландияга сапарынын алдында бул өлкөнүн премьер-министри Лео Варадкар чиркөө мурдагыдай “коомдук турмуштун борбору” болуудан калганын белгилеп, Ватикан менен Дублиндин мамилесинде ушул нерсеге көңүл буруу зарылдыгын эскертти.

Рим папасы Ирландияда акыркы 42 жылда алгач ирет барды.

XS
SM
MD
LG