Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси алмашты

Кубанычбек Шадыбеков.
Кубанычбек Шадыбеков.

Өкмөткө караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп Кубанычбек Шадыбеков дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт кабарлады.

Шадыбеков бул кызматта Азамат Дикамбаевдин ордун ээледи. Дикамбаев бул кызматта 2016-жылдан бери иштеп келген.

Шадыбеков буга чейин өкмөт аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы, аппараттын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту өлкөдө стратегиялык талдоо жана анализ менен алектенчү мамлекеттик орган.(BkA)

XS
SM
MD
LG