Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Мигранттарды кабыл албаган Италиянын министрине иш козголду


Качкындар.
Качкындар.

Италиянын бийлиги жекшембиде Diciotti кемесиндеги африкалык мигранттарга өлкөгө аймагына кирүүгө уруксат берди. Мындай чечим мигранттарды Католик чиркөөсү жана Албания менен Ирландиянын бийлиги кабыл алууга макулдук берген соң кабыл алынды.

Кемедеги мигранттар беш күн бою кемеде отурган. Аларга жээкке чыгууга Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвининин буйругу менен тыюу салынган. Оңчул популисттик партиянын мүчөсү Сальвини өлкөгө кирген мигранттарга каршы позициясын айтып келет. Ал мигранттарды башка өлкөлөр кабыл аларын билдирген соң гана Италияга киргизүү шартын койгон.

Мындай позицияны Евробиримдикке мүчө башка өлкөлөр кескин сындаган. Ал эми Сальвиниге карата тергөө башталды. Ага каршы Сицилиянын прокуратурасы иш козгоп, үч жана андан ашык адамдын эркиндигин чектөөгө жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланууга айыптады. Прокуратура Африкадан келген кемелер Италиянын портуна кирген соң бийлик мигранттарды жээкке чыгарып, баш калка боюнча документтерин кабыл алууга милдеттүү экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG