Токмок шаарында кикбоксинг мелдешинин жүрүшүндө каза болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү боюнча териштирүү иши жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя 19-августта болгон.
Белгилүү спортчу Руслан Абасовдун жаркын элесине арналган мелдеште Оштон келген 14 жаштагы спортчу беттештин биринчи раундунда рингде эсин жоготкон. Ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон.
Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү жүрүп жатат.(BkA)