Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:22

Азия оюндары: Нурсултан Алымкулов күмүш медаль алды


Ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында кыргызстандык спортчу Нурсултан Алымкулов жиу-житсунун не-ваза түрүнөн күмүш байге алды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалымат боюнча, Алымкулов 77 килограммга чейинки салмакта күч сынашты. Финалда казакстандык Руслан Исмаилов менен күрөшүп, 2:0 эсебинде жеңилди. Финалга чейин Алымкулов Пакистандын, Өзбекстандын, Бириккен Араб Эмирлигинин жана Иорданиянын спортчуларын жеңип алган.

Мындан сырткары бүгүн жиу-житсу боюнча 85 килограммга чейинки салмакта бир тууган Абдурахманхажи жана Муртазали Муртазалиевдер коло байге алышты.

Муртазали Муртазалиев түркмөнстандык Мерген Жораев менен, ал эми Абдурахманхажи Муртазалиев казакстандык Андрей Гаврилюк менен мөрөй талашып жеңишке жетти.

Кыргызстандын эсебине пенчак салат спортунан Данияр Токуров да коло байге алып келди.

Мындай жол менен Кыргызстандын курама командасынын капчыгында учурда эки алтын, беш күмүш жана сегиз коло медаль бар.

Алтын байгелерди жиу-житсудан Төрөкан Багынбай уулу (69 кг.) жана жеңил атлетчи Дарья Маслова (10 000 м.) алды. Жалпы 15 байге менен Кыргызстан медаль алган өлкөлөрдүн катарында 16-орунда бара жатат. (ECh/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG