Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Азия оюндары: Бир тууган Муртазалиевдер эки коло медаль алды


 Сүрөттө: (солдон оңго карай) Муртазали Муртазалиев жана Абдурахманхажи Муртазалиев.
Сүрөттө: (солдон оңго карай) Муртазали Муртазалиев жана Абдурахманхажи Муртазалиев.

Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында спортчулар бир тууган Абдурахманхажи жана Муртазали Муртазалиевдер Кыргызстандын капчыгына эки коло медаль кошту. Жиу-житсу боюнча 85 килограммга чейин мелдеште Муртазали Муртазалиев түркмөнстандык Мерген Жораевди жеңсе, ал эми Абдурахманхажи Муртазалиев казакстандык Андрей Гаврилюкту утуп, коло байгеге ээси болду.

Коло байге үчүн күрөшкө чейин Муртазали Муртазалиев Монголияда, ирандык жана казакстандык спортчуларды жеңип алган. Жарым финалда Бириккен Араб Эмирлигинин өкүлү Болжол Хамранга жеңилип калган. Ал эми Абдурахманхажи дагы жалпысынан беш беттеш өткөрдү. 3-орун үчүн беттешке чыкканга чейин тайпейлик, индонезиялык, палестиналык спортчуларды уткан. Жарым финалда иорданиялык Ал Рашед Хайдарга жеңилген.

Муртазали Муртазалиев 30 жашта. Жиу-житсунун не-ваза түрүнөн Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси.

Абдурахманхажи Муртазалиев 24 жашта. Жиу-житсунун не-ваза түрүнөн Азия чемпионатынын алтын (2017-ж.) жана күмүш байгесинин ээси (2016-ж.). Дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынган (2017-ж.). Жабык имарат ичиндеги таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарынын чемпиону (2017-ж.).

Муну менен Кыргызстандын курама командасынын капчыгында учурда эки алтын, беш күмүш жана сегиз коло медаль топтолду.

XS
SM
MD
LG