Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

Ирандын коргоо министри Сирияга барганы кабарланды


Иран коргоо министри Амир Хатами
Иран коргоо министри Амир Хатами

Ирандын коргоо министри Амир Хатами эки күндүк сапар менен Сирияга келип, эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын Ирандын маалымат каражаттары жазды.

“Биз Сирияны реконструкциялоодо чоң роль ойноону көздөп жатабыз”,- деди Хатами Дамасктагы прессага. IRNA маалымат агенттигинин кабарлашынча, Хатаминин президент Асад менен жолугат.

Иран Орусия менен бирге Сириядагы чыр-чатакта президент Башар Асадды колдоп келет. Соңку кезде бул кагылышууда өкмөттүк аскерлер үстөмдүк кылып, козголоңчулар Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб аймагынан башка провинциялардан чегинүүгө аргасыз болушкан.

АКШ Сирия чатагында козголоңчулар тарапты колдоп, Ирандын таасирин азайтууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдү Орусия менен жүргүзүп келет. Израил да чектеш Сириядан Иран аскерлерин чыгарууну көздөйт. Анткен менен расмий Тегеран Сирияга Дамасктын чакыруусу менен киргенин жана бул эки мамлекет ортосундагы мамилеге үчүнчү бир мамлекеттин уруксатынын кереги жок экенин баса белгилеген.

“Рейтер” агенттигинин маалыматына ылайык, 2012-жылдан бери Сирияда миңден ашуун ирандыктар набыт болгон. Алардын арасында Ирандын Ислам революциялык гвардиясынын офицерлери да бар.

XS
SM
MD
LG