Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:23

Ооганcтанда жардыруудан кеминде эки адам набыт болду


29-апрелдеги Жалалабад шайлоо комиссиясынын жанындагы жардыруудан кийин
29-апрелдеги Жалалабад шайлоо комиссиясынын жанындагы жардыруудан кийин

Ооганстандагы Жалалабад шаарында шайлоо комиссиянын кеңсесинин жанындагы жардыруудан кеминде эки киши каза таап, төртөө жараат алды. Алар шайлоодон алынган талапкердин таламын талашып шайлоо комиссиясына нааразылык билдиргендердин арасында болгон.

Жараат алгандардын биринин абалы оор.

Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекетинин” согушкерлери моюнга алды.

Соңку айларда Жалалабад шаары бир нече чабуулду баштан кечирди. 2014-жылы НАТО аскерлери кеткенден кийин бул аймакта өкмөттүк күчтөр менен Талибан жана башка согушчандар топторунун ортосунда кагылышуулар болуп келет.

XS
SM
MD
LG