Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Жээнбеков: Алтай цивилизациясы эл аралык достук көпүрөсү боло алат


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан эл аралык алтаистика конференциясында сөз сүйлөп, иш-чарага катышып жаткан бардык окумуштууларга ыраазычылык билдирди.

- Жылына өтүүчү эл аралык конференция окумуштуулар үчүн Алтай цивилизациясынын маданияттын, тилин, акыркы изилдөөлөрдү талкуулап, пикир алмашууга шарт түзөт. Кыргыздар үчүн Алтай темасынын символикалык мааниси бар. Биздин улуу Манастын Алтайда төрөлгөнү ар бир кыргыздын жүрөгүндө жылуу сезимди чакырат, – деди президент Жээнбеков.

Бишкекте 27-августта эл аралык алтаистика конференциясы башталды. Илимий конференцияга катышуу үчүн Франция, Германия, АКШ, Орусия, Казакстан, Жапония жана Түштүк Корея мамлекеттеринен окумуштуулар келишти. 30-августка чейин уланчу конференцияда Алтай маданияты жана тарыхынын акыркы абалы, илимий ачылыштар боюнча пикир алмашуу орун алат.

Былтыр Кыргызстанда Алтай форуму өткөн. Анын жыйынтыгында атайын декларация кабыл алынып, Алтай цивилизациясы тарыхый-маданий борборун түзүү жана Бишкек шаарында “Алтай цивилизациясын изилдөө институту" эл аралык илимий изилдөө борборун уюштуруу идеясын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү тууралуу айтылган.

Алтай тектүү элдердин тарыхын, маданиятын, тилин изилдөө иштерин өнүктүрүш үчүн бул форумду жыл сайын Кыргызстанда өткөрүп туруу боюнча демилге көтөрүлгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG